Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 20 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍

Бишкек Арена» спорт комплексинин ачылышында коомдук коопсуздук камсыздалууда Бүгүн, 5-октябрда борбор калаабызда жайгашкан «Бишкек Арена» спорт комплексинин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу иштери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун жетекчилиги астында жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери иш-чара өтүп жаткан аймакта коомдук тартипти көзөмөлдөп, иш-чаранын катышуучуларынын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылууда. Кызматкерлер тарабынан коомдук тартипти сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана мүмкүн болгон укук бузуулардын алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. https://egov.kg/ru/ministry/interior

Views over time

01002003005 Oct 14:5413 Nov 14:203055 Oct 14:54: 0 views13 Nov 14:20: 305 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
5 Oct 2026, 14:540
13 Nov 2026, 14:20305

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.