ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында кызматтын түзүлгөндүгүнүн 108 жылдыгы белгиленди 2026-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында кызматтын түзүлгөндүгүнүн 108 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, учурда кызмат өтөп жаткан кызматкерлер жана кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлери катышты. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин атынан өздүк курамды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев куттуктады. https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/49063