Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды Милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы П.Ж. кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын 29-июлунда П.Ж. кызматтык абалын пайдаланып, Кара-Суу шаарында жайгашкан, аянты 82,75 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин аукцион өткөрбөстөн, түз келишимдин негизинде жеке жакка мыйзамсыз сатып жиберген. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. 📌 https://egov.kg/kg/ministry/interior/news/49024