Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 20 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍

Баткен облусунда пара талап кылууга шектелген жаран кармалды Милиция бөлүмүнө акча талап кылуу фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Такталгандай, 2026-жылдын 15-сентябрында Кадамжай районунда жайгашкан ЖЧКсынын биринин электр энергиясы жогорку чыңалуудагы электр линиясына байланыштуу аныкталган кемчиликтер жоюлбагандыгына байланыштуу өчүрүлгөн. 2026-жылдын 22-сентябрында Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору, аталган ЖЧКсынын жетекчиси менен сүйлөшүп жатып, ишкананын электр энергиясын кайра жандыруу, ишин улантууга жана электр линиясына байланыштуу кемчиликтерди жоюуга убакыт берүү үчүн 3 миң АКШ долларын талап кылган. 27-сентябрда болгон жолугушууда арыз ээси талап кылынган акчаны бере албай тургандыгын билдирген. Бирок, ага аталган акчаны Кадамжай райондук электр тармактарынын башчысына берүүнү айткан.

Views over time

01002002 Oct 03:2513 Nov 14:202142 Oct 03:25: 0 views13 Nov 14:20: 214 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
2 Oct 2026, 03:250
13 Nov 2026, 14:20214

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.