ИИМдин өкүлдөрү милициянын ардагерлерин Карылардын эл аралык күнү менен куттукташты 1-октябрь — Карылардын эл аралык күнүнө карата Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү милициянын ардагерлеринен кабар алып, майрамы менен куттукташты. Жолугушууларда ардагерлерге көп жылдык ак ниет кызматы, кесипке берилгендиги, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирилди. ИИМдин өкүлдөрү ардагерлердин бай тажрыйбасы жана билими ички иштер органдарынын тарыхынын маанилүү бөлүгү экенин белгилешти. Алардын кесиптик жолу бүгүнкү кызматкерлер үчүн үлгү экени баса белгиленди. Ардагерлерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, тынчтык жана узак өмүр каалоо-тилектери айтылып, белектер тапшырылды. Жолугушуулар жылуу маанайда өтүп, ардагерлер кызмат өтөгөн жылдарын эскерип, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Өз кезегинде ардагерлер көрсөтүлгөн көңүл буруу үчүн ыраазычылык билдирип, улуу муунду урматтоо салтынын уланып жатканына кубанычтарын билдиришти. ИИМдин Басма сөз кызматы