Мыйзам жана жоопкерчилик бар жерде коррупцияга орун жок Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга жана аларга жол бербөөгө багытталган түшүндүрүү иштерди улантууда. Министрлик жарандардын көңүлүн коррупциянын алдын алуу жана мыйзам талаптарын сактоо зарылдыгына бурууга багытталган актуалдуу "трендге" кошулууда. Коррупция коомго зыян келтирип, мамлекеттик институттарга болгон ишенимди төмөндөтөт. Ар бир жаран пара берүү жана алуу, ошондой эле башка коррупциялык аракеттер мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келерин түшүнүшү керек. Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзам талаптарын сактоого, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөгө жана коррупциялык фактылар аныкталган учурда алар тууралуу укук коргоо органдарына өз убагында билдирүүгө чакырат. ИИМдин Басма сөз кызматы
Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел
Subscribers
2.1K
−10 24h
Reach per post (ERR)
11.7%242 avg views
Posting
2.7/day
last 20 hours ago
Reactions per 1K views
1.7
❤ 👏 👍
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 28 Sep 2026, 12:04 | 0 |
| 13 Nov 2026, 14:20 | 221 |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.