Мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк - биздин жалпы милдетибиз Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коррупциялык фактыларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иштерди улантууда. Коррупция - кызматтык абалды жеке пайда үчүн пайдалануу, пара алуу же берүү, мыйзамсыз артыкчылык көрсөтүү сыяктуу көрүнүштөрдү камтыйт. Ал экономикалык өнүгүүгө тоскоол болуп, жарандардын укуктарын жана мамлекеттик органдарга болгон ишенимди бузат. Ички иштер министрлиги жарандарды кайдыгер болбоого жана коррупциялык фактылар тууралуу 102 кыска номуру аркылуу кабарлоого чакырат. Коррупцияга бирге каршы туралы. Мыйзам - баарынан жогору. ИММдин Басма сөз кызматы