Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон жоокерлер эскерилди 2026-жылдын 16-сентябрында ИИМдин Ички аскерлеринде Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо баатырларча курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесине арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев, Ички аскерлердин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/47583