Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 21 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍

Талас шаарындагы милициянын мурдагы имараты жаркыраган бала бакчага айланды Бүгүн 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Талас шаарында милициянын “Келечек” атындагы заманбап бала бакчасынын ачылышы болду. Бала бакча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун демилгеси менен реконструкцияланып, Республикалык бюджеттен каржыланган. Бул имарат 2002-жылга чейин бала-бакча болуп, кийин Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. “Келечек” балдар бакчасы 74 балага ылайыкташтырылып, Кыргыз Республикасынын Агартуу министирлигинин стандарттарына ылайык окуу программалары түзүлгөн. Бала бакчада тил, бий, музыка сабактары жана өзүнүн логопеди болот. Имаратта балдарды тарбиялоо толук шарттар түзүлүп, керектүү эмеректер, оюнчуктар, аттракциондор жана башка шаймандар менен толукталган. ИИМдин Басма сөз кызматы

Views over time

010020011 Sep 13:1013 Nov 14:2018211 Sep 13:10: 0 views13 Nov 14:20: 182 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
11 Sep 2026, 13:100
13 Nov 2026, 14:20182

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.