Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди Бүгүн 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Талас облусунун Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнүн жаңы заманбап административдик имараты, спорт залы пайдаланууга берилди. Жаңы имарат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун демилгеси менен курулуп, Республикалык бюджеттен каржыланган. 📌https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/47359