Улан Ниязбеков «Борбордук Азия - Кытай» форматындагы ички иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты Кытай Эл Республикасында «Борбордук Азия - Кытай» форматында ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин расмий эмес жолугушуусу болуп, ага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков катышты. Жолугушууда укук коргоо органдарынын жетекчилери коопсуздукту камсыз кылуу, трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана практикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. Жолугушууда сөз сүйлөгөн Улан Ниязбеков мамлекеттердин ортосунда экономикалык, транспорттук жана гуманитардык байланыштардын кеңейиши укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүнү талап кыларын белгиледи.