ИИМдин 15 миңден ашуун кызматкери Кыргызстанда өткөн эл аралык иш-чараларда коопсуздукту камсыздады 29-августтан 6-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, ШКУнун 26-саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн мезгилде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылышты. Коопсуздукту камсыздоого ички иштер органдарынын 15 миңден ашуун кызматкери тартылды. Алар расмий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн жайларда, делегациялар жүрүүчү каттамдарда, коноктор жайгашкан объектилерде, жарандар көп чогулган аймактарда жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылган башка тилкелерде кызмат өтөштү. https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/47204