Чет өлкөлүк коноктор милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти Кырчын жайлоосунда чет өлкөлүк жарандардан милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгү тууралуу пикирлери суралды. Коноктор укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине оң баа берип, алардын көңүл буруусун, сылык мамилесин жана коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздоодогу кесипкөйлүгүн айтышты. Ошондой эле көптөгөн кызматкерлер чет тилдерди билери, бул чет өлкөлүк жарандар менен эркин баарлашууга жана зарыл жардам көрсөтүүгө шарт түзөрүн баса белгилешти. ИИМдин Басма сөз кызматы
Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел
Subscribers
2.1K
−10 24h
Reach per post (ERR)
11.7%242 avg views
Posting
2.7/day
last 21 hours ago
Reactions per 1K views
1.7
❤ 👏 👍
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 6 Sep 2026, 15:00 | 0 |
| 13 Nov 2026, 14:20 | 144 |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.