Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 21 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍
edited

Коопсуздук жана колдоо: Ысык-Көлдө милиция туристтерге жардам көрсөтүүдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда Ысык-Көл облусуна ар кайсы өлкөлөрдөн көптөгөн туристтер жана коноктор келди. Милиция кызматкерлери ар кандай кырдаалда жардам көрсөтүүгө - жол көрсөтүүгө, жоголгон буюмдарды табууга жардам көрсөтүүгө, керектүү багытты түшүндүрүүгө жана жүрүп-туруу маселелеринде колдоо көрсөтүүгө даяр. Коопсуздук - бул коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылын жөнгө салуу менен гана чектелбейт. Ал адамга жардам керек болгон учурда жанында болуп, колдоо көрсөтүүгө даяр болууну да билдирет. Милиция кызматкерлери Кырчын жайлоосунда кызмат өтөөнү улантып, ар бир коноктун өзүн тынч жана коопсуз сезүүсүнө шарт түзүүдө. ИИМдин Басма сөз кызматы

Views over time

01002003 Sep 11:2913 Nov 14:202153 Sep 11:29: 0 views13 Nov 14:20: 215 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
3 Sep 2026, 11:290
13 Nov 2026, 14:20215

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.