ИИМдин Тез Чара Көрүүчү Атайын Отрядынын кызматкери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын алгачкы алтын медалын жеңип алды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тез Чара Көрүүчү Атайын Отрядынын кызматкери Бактыгул Райхан уулу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын курама командасына алтын медаль алып келди. Эр эңиш боюнча мелдештин финалында кыргызстандык спортчу жеңип, биринчи орунду ээледи. Ушуну менен Бактыгул Райхан уулу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасына алгачкы алтын медалды тартуулады. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Тез чара көрүүчү атайын отрядынын кызматкерин татыктуу жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди, жогорку спорттук жетишкендиктерди жана эл аралык аренада Кыргызстандын намысын татыктуу коргоосун каалайт. ИИМдин Басма сөз кызматы
Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел
Subscribers
2.1K
−10 24h
Reach per post (ERR)
11.7%242 avg views
Posting
2.7/day
last 21 hours ago
Reactions per 1K views
1.7
❤ 👏 👍
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 2 Sep 2026, 14:16 | 0 |
| 13 Nov 2026, 14:20 | 211 |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.