Кырчын жайлоосунда милиция коопсуздукту көзөмөлгө алууда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Кырчын” жайлоосунда маданий жана спорттук иш-чаралар өтүп жатат. Милиция жана аскер кызматкерлери коомдук коопсуздукту көзөмөлгө алууда. Тоолуу аймактарды атчан кызматкерлер карап жатат. Кырчынга келген жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу милициянын автобустары дагы эл ташууга тартылды. Жарандарды ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга, коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежелерин бузбоого чакырабыз. ИИМдин Басма сөз кызматы