Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 21 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍

Кырчын жайлоосу онлайн видеокамералар аркылуу дагы көзөмөлгө алынууда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин атайын жабдылган «Аска» көчмө башкаруу борбору кызмат өтөөдө. Аталган атайын унаа иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди ыкчам аткарууга, кызмат өтөөгө тартылган күчтөрдүн иш-аракеттерин координациялоого жана түзүлгөн кырдаалга жараша тиешелүү чечимдерди өз убагында кабыл алууга мүмкүндүк берет. Учурда «Аска» көчмө башкаруу борбору аркылуу Кырчын жайлоосундагы жалпы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, коомдук тартипти сактоого тартылган күчтөрдүн өз ара байланышы жана биргелешкен иш-аракети камсыздалууда. ИИМдин Басма сөз кызматы

Views over time

01002002 Sep 09:0013 Nov 14:202222 Sep 09:00: 0 views13 Nov 14:20: 222 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
2 Sep 2026, 09:000
13 Nov 2026, 14:20222

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.