Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 22 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи кырсыгы жок өттү Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бардык тартылган кызматтардын биргелешкен жана так иш алып баруусунун натыйжасында ачылыш аземи ыраттуу өтүп, коомдук тартиптин бузулушуна жана ар кандай кырсыктарга жол берилген жок. Ички иштер органдарынын кызматкерлери иш-чара өткөн аймакта, ага жакын жайгашкан көчөлөрдө жана башка объектилерде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышты. Учурда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Укук коргоо органдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде иш-чаранын катышуучуларынын, коноктордун жана борбор калаанын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүп жатышат. ИИМдин Басма сөз кызматы

Views over time

05010015020031 Aug 18:0513 Nov 14:2017531 Aug 18:05: 0 views13 Nov 14:20: 175 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
31 Aug 2026, 18:050
13 Nov 2026, 14:20175

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.