Милиционерлер кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен куттукташты Бүгүн, 31-август күнү Кыргыз Республикасы өзүнүн башкы мамлекеттик майрамдарынын бири - Эгемендүүлүк күнүн белгилөөдө. Ушул маанилүү күнгө карата өлкөнүн жети облусунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери мекендештерди Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. Эгемендүүлүк - ата-бабалардан калган эркиндикти, биримдикти жана мамлекеттүүлүктү баалай билүү менен бирге, Мекен алдындагы жоопкерчиликти да туюнтат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалпы кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Эгемен Кыргызстаныбызда тынчтык жана ынтымак бекем болсун! Элибиздин биримдиги бекемделип, өлкөбүздүн келечеги кең болсун! Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен! ИИМдин Басма сөз кызматы
Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел
Subscribers
2.1K
−10 24h
Reach per post (ERR)
11.7%242 avg views
Posting
2.7/day
last 22 hours ago
Reactions per 1K views
1.7
❤ 👏 👍
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 31 Aug 2026, 05:24 | 0 |
| 13 Nov 2026, 14:20 | 193 |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.