Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 22 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍

"Мадина" базарынын аймагында чыккан өрт кырсыгы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө 2026-жылдын 30-августунда "Мадина" базарынын аймагындагы эки соода контейнеринен өрт чыккан. Такталган маалыматка ылайык, аталган контейнерлердин эшиги бир күн мурда кечинде жабылган. Контейнердин бирөөсү 18:38де, дагы бирөөсү 18:41де жабылган. Андан кийин аларда соода ишмердүүлүгү жүргүзүлгөн эмес. 30-августта таңкы саат 08:31де бул контейнерлерден өрт чыккан. Текшерүүнүн алкагында милиция кызматкерлери тарабынан видеокөзөмөл камераларындагы видеолор алынып, иликтенди. Видеого ылайык, контейнерлер жабылгандан кийин аларга жакындаган же түздөн-түз жанында болгон бөтөн адамдар катталган эмес. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда. Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. ИИМдин Басма сөз кызматы

Views over time

010020030 Aug 10:4913 Nov 14:2021830 Aug 10:49: 0 views13 Nov 14:20: 218 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
30 Aug 2026, 10:490
13 Nov 2026, 14:20218

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.