🔹ИИМ расмий делегациялардын келүүсүнө байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилерин эскертет Кыргыз Республикасына расмий делегациялардын келүүсүнө жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу 2026-жылдын 30-августунан 6-сентябрына чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бишкек шаарында айрым жол тилкелеринде кыймыл убактылуу чектелет: • «Манас» эл аралык аэропортунан жана Васильевский трактындагы каттамдарда; • Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев проспектилеринде. Толук маалымат: https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/47054