Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 22 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍

Абайлаңыздар, акча төлөмдөрү тууралуу жасалма жарыялар таралууда! Социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 5000 сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилет деген жалган маалымат таралууда. Жарыяда көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу каттоодон өтүп, төлөмдү алуу сунушталууда. Ички иштер министрлиги эскертет: мындай билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн шилтемелерге кирбеңиздер жана жеке маалыматтарыңызды, банктык реквизиттериңизди жана башка купуя маалыматтарды киргизбеңиздер. Мамлекеттик төлөмдөр жана башка расмий чечимдер тууралуу маалыматтарды мамлекеттик органдардын расмий жана ишенимдүү булактарынан гана алыңыздар. Мамлекеттик символдорду жана кызмат адамдарынын ысымдарын пайдаланып, жарандарды адаштырууга жасаган алдамчылардын аракеттерине жол бербеңиздер. ИИМдин Басма сөз кызматы

Views over time

010020030024 Aug 05:4013 Nov 14:2027124 Aug 05:40: 0 views13 Nov 14:20: 271 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
24 Aug 2026, 05:400
13 Nov 2026, 14:20271

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.