🇰🇬 23-сентябрь — Кыргыз тилинин күнү. Тил — улуттун жүрөгү, элдин тарыхы жана муундарды байланыштырган руханий көпүрө. Кыргыз тили — кылымдар бою ата-бабадан муундан муунга өтүп келген баа жеткис мурас. Аны урматтоо, өнүктүрүү жана кийинки муунга жеткирүү — ар бирибиздин милдетибиз. Кыргыз тилинин күнү кут болсун! Эне тилибиздин кадыры бийик, келечеги кең болсун! 🇰🇬 Тил барда — эл бар!