КЫРГЫЗ РЕЗИДЕНТ 🕶️

@krasnayakappelllakg · news · Russian · active

Subscribers 547 Subscribers, last 30 days: 549 → 548 −2 24h
Reach per post (ERR) 42.6%233 avg views
Posting 1.3/day last 14 hours ago
Reactions per 1K views 10.3 👍 🤡 ❤

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иштөө тартиби убактылуу өзгөрөт Кытай Эл Республикасында Күз ортосу майрамы жана Кытай Эл Республикасынын Улуттук күнү белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы автожол өткөрүү пункттарынын иштөө тартиби убактылуу өзгөрөт. Кытай тараптын маалыматына ылайык, «Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрүү пункттары аркылуу жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү төмөнкү мезгилдерде убактылуу токтотулат: «Эркечтам-автожол» өткөрүү пункту: - 2026-жылдын 25-сентябрында саат 22:00дөн 26-сентябрда саат 08:00гө чейин; - 2026-жылдын 1-октябрында саат 22:00дөн 4-октябрда саат 08:00гө чейин. «Торугарт-автожол» өткөрүү пункту: - 2026-жылдын 25-сентябрында саат 22:00дөн 26-сентябрда саат 08:00гө чейин; - 2026-жылдын 1-октябрында саат 22:00дөн 4-октябрда саат 08:00гө чейин. Көрсөтүлгөн мезгилдерде жарандарды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жүргүзүлбөйт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарга, жүк ташуучуларга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу сапарларды жана жүк ташууну пландаштырууда жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты эске алууну сунуштайт.

Views over time

010020022 Sep 08:4514 Nov 00:0119222 Sep 08:45: 0 views14 Nov 00:01: 192 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
22 Sep 2026, 08:450
14 Nov 2026, 00:01192

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.