🐎 Всемирные игры кочевников: какие мероприятия пройдут в ущелье Кырчын С 1 по 5 сентября в ущелье Кырчын в этногородке «Вселенная кочевников» пройдут культурные и спортивные мероприятия VI Всемирных игр кочевников. Об этом сообщил медиаштаб ВИК. 4️⃣ 1 сентября — открытие «Этно-Базара», мастер-классы, национальная кухня и «Шамал-фест» 4️⃣ 2 сентября — представление «Дүйнө-Өмүр» и старт конкурсов «Лучшая кыргызская юрта», «Вкус кочевников» и «Уз-уста» 4️⃣ 3 сентября — конкурсы «Көчмөн кайрык», «Бий ыргак», «Саркеч» и показ обрядов «Тушоо кесүү» и «Хан көтөрүү» 4️⃣ 4 сентября — финалы айтыша, конкурса по установке юрты, эстафеты и программа «Кыз-жигит Сармерден» 4️⃣ 5 сентября — закрытие, концерт и награждение победителей Также пройдут конный марафон, ордо, стрельба из лука, салбуурун, таяк тартыш, борьба, стронгмен и армрестлинг. ◀️ Reporter.kg — информационный партнер ВИК. ➖➖➖ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кырчын капчыгайында кандай иш-чаралар өтөт 1–5-сентябрда Кырчын капчыгайындагы «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий жана спорттук иш-чаралары өтөт. Бул тууралуу ДКОнун медиаштабы билдирди. • 1-сентябрь — «Этно-Базардын» ачылышы, мастер-класстар, улуттук тамак-аштар жана «Шамал-фест» • 2-сентябрь — «Дүйнө-Өмүр» театралдаштырылган көрсөтүүсү жана «Мыкты кыргыз боз үйү», «Көчмөндөрдүн даамы», «Уз-уста» сынактары • 3-сентябрь — «Көчмөн кайрык», «Бий ыргак», «Саркеч» сынактары, «Тушоо кесүү» жана «Хан көтөрүү» салттары • 4-сентябрь — айтыштын, боз үй тигүү сынагынын жана эстафетанын финалдары, «Кыз-жигит Сармерден» программасы • 5-сентябрь — жабылуу аземи, концерт жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо Мындан тышкары ат марафону, ордо, жаа атуу, салбуурун, таяк тартыш, күрөш, стронгмен жана армрестлинг боюнча мелдештер өтөт. Reporter.kg — ДКОнун маалыматтык өнөктөшү. 😋 Reporter.kg ⬆️ Telegram ➡ Instagram ⬅️ Threads ↗ Facebook ⬇️ YouTube 📲 WhatsApp 🔽 X (Twitter)