KG_military

@kg_millitary · news · Kazakh · active

Subscribers 705 tracking since 13 Nov
Reach per post (ERR) 21.4%151 avg views
Posting 3.7/day last 6 hours ago
Reactions per 1K views 8.5 👍 👏 ❤

Президент Садыр Жапаров Москвада ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышат Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин Москва шаарында өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясына иш сапары менен барат. Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашат. Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана Уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге, анын ичинде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясына жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 35 жылдыгына жана ЖККУнун 25 жылдыгына арналган иш-чаралар планына кол коюу пландалууда.

Views over time

05010015010 Nov 07:5413 Nov 08:5012210 Nov 07:54: 0 views13 Nov 07:42: 122 views13 Nov 07:59: 122 views13 Nov 08:50: 122 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
10 Nov 2026, 07:540
13 Nov 2026, 07:42122
13 Nov 2026, 07:59122
13 Nov 2026, 08:50122

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.