КЫРГЫЗСТАНДА АСКЕР КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАНА АСКЕР ПЕНСИОНЕРЛЕРДИН СОЦИАЛДЫК КОРГОЛУШ ДЕҢГЭЭЛИ ЖОГОРУЛАТЫЛУУДА Кыргыз Республикасында аскер кызматчыларынын, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин, аскер пенсионерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык кепилдиктерин чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантылууда. Өмүрүнүн бир топ жылдарын Мекенге кызмат кылууга арнаган жарандардын социалдык корголуш деңгээлин жогорулатуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. 2026-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-декабрынан тартып аскер кызматчыларынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин акчалай камсыздоосун, ошондой эле тиешелүү категориядагы пенсионерлердин пенсиялык камсыздоосун жогорулатууну караган Жарлыкка кол койду. Кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу Министрлер Кабинетинин, Коргоо министрлигинин жана башка кызыкдар мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Аскер пенсионерлердин пенсиялык камсыздоосун жогорулатуу Пенсиялык камсыздоону жогорулатуунун маанилүү шарты аскер кызматчыларынын акчалай камсыздоосунун түзүмүн өркүндөтүү болду. Кызматтык маяналардын өлчөмдөрүнө киргизилген өзгөртүүлөр мыйзамдарда белгиленген көрсөткүчтөрдү эске алуу менен аскер пенсионерлердин пенсияларын тиешелүү кайра эсептөө үчүн негиз түзөт. Пенсиялык төлөмдөрдүн көбөйүү өлчөмү ар бир пенсионер үчүн жекече аныкталат жана кызмат өтөгөн жылдарына, акчалай камсыздоонун эсепке алынуучу курамдык бөлүктөрүнө жана мыйзамдарда каралган башка шарттарга жараша 5 500 сомдон 13 000 сомго чейин болот. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте каралган өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу жана пенсиялык камсыздоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Кошумча социалдык колдоо чаралары. Пенсиялык камсыздоону жогорулатуу менен катар Коргоо министрлиги аскер пенсионерлеринин кайрылууларын кароого жана кошумча социалдык колдоо чараларын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Бул багыттагы иштердин натыйжаларынын бири катары Коргоо министрлиги тарабынан муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугун берүү демилгеси көтөрүлгөн. Ош шаарында тиешелүү жеңилдик 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирди. Бишкек шаарында аскер пенсионерлерге акысыз жүрүү укугун берүү маселеси Бишкек шаардык кеңеши тарабынан каралууда. Бул жеңилдикти 2027-жылдын 1-январынан тартып киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Сунушталып жаткан социалдык колдоо чаралары жалпы белгиленген пенсия курагына — эркектер үчүн 63 жашка, аялдар үчүн 58 жашка жеткен аскер пенсионерлерге жана укук коргоо органдарынын пенсионерлерине жергиликтүү кеңештердин тиешелүү чечимдеринде белгиленген шарттарды эске алуу менен акысыз жүрүү укугун берүүнү карайт. Каралган чараларды ишке ашыруу аскер кызматчыларынын социалдык кепилдиктерин мындан ары да чыңдоого, аскер пенсионерлердин пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатууга жана өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган жарандарга татыктуу социалдык колдоо көрсөтүүгө багытталган.