Аскердик башкаруунун советтик мектебинин жыйынтыгы ❗️🪖Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн башчысы И.А. аттуу жаран «Кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуу» фактысы боюнча УКМК жана Аскердик прокуратура тарабынан кармалды. Маалымат боюнча, аскер бөлүктүн аскер кызматкерлерин өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонго, тагырагы жер там салуу иштерине жумшаган. Иштетилген аскер кызматкерлеринин арасында нөөмөттө тургандары да болгон. Эски советтик ой жүгүртүү жоголуп, замамбап шарттагы иштердин методикасы иштелип чыгып, өзгөртүлмөйүнчө, мындай көрүнүш жоголбойт жана аскер кызматчылары «кара жумушчу» бойдон гана кала берет.