KG_military

@kg_millitary · news · Kazakh · active

Subscribers 703 Subscribers, last 30 days: 705 → 703 −2 24h
Reach per post (ERR) 21.5%151 avg views
Posting 3.2/day last 1 day ago
Reactions per 1K views 8.3 👍 👏 ❤
repost from 🇰🇬КЫРГЫЗ МИЛИТАРИСТ⚔️

🇰🇬🇺🇿Самарканд шаарында «Борбордук Азия жана АКШ» («С5+1») форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, 2026-жылдын 30-июлунда Өзбекстандын Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө жүзөгө ашырууга, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту. Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү келечегин карап чыгышты. «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун ишке ашырууга, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө жана эки өлкөнүн аймактарынын биринчи форумуна даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Views over time

05010020 Oct 04:3913 Nov 07:4210020 Oct 04:39: 0 views13 Nov 07:42: 100 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
20 Oct 2026, 04:390
13 Nov 2026, 07:42100

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.