KG_military

@kg_millitary · news · Kazakh · active

Subscribers 705 tracking since 13 Nov
Reach per post (ERR) 21.4%151 avg views
Posting 3.7/day last 6 hours ago
Reactions per 1K views 8.5 👍 👏 ❤
repost from 🇰🇬КЫРГЫЗ МИЛИТАРИСТ⚔️

🇰🇬🚧🇹🇯Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери аяктады. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу боюнча ири масштабдуу иштерди аяктады. 2025–2026-жылдары Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы узундугу 327,7 чакырымдан ашык чек ара тосмолору орнотулуп, 338,5 чакырым талаа жолдору салынды. 2025-жылы Баткен жана Лейлек райондорунда 149,6 чакырымга жакын чек ара тосмолору орнотулган. Ал эми 2026-жылдын 2-мартынан 16-сентябрына чейин дагы 178,1 чакырым тосмо орнотулду. Ошону менен катар чек ара тилкелерине жетүүнү, өздүк курамдын жана техниканын эркин жүрүшүн камсыз кылуу үчүн талаа жолдорун салуу иштери жүргүзүлдү. 2025-жылы 171,2 чакырым, 2026-жылы дагы 167,4 чакырым жол салынды. Натыйжада алардын жалпы узундугу 338,5 чакырымды түздү. Мамлекеттик чек араны инженердик жактан жабдууда тосмолордун ар кандай түрлөрү колдонулду. Алардын конструкциялары жердин рельефине, табигый шарттарына жана мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү өзгөчөлүктөрүнө жараша тандалды.

Views over time

05010015020016 Oct 13:2513 Nov 07:4217516 Oct 13:25: 0 views13 Nov 07:42: 175 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
16 Oct 2026, 13:250
13 Nov 2026, 07:42175

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.