🛫Манасбек Самидинов Оштогу жана Жалал-Абаддагы жаңы аэропорттук комплекстердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. “Ош” эл аралык аэропортунда аянты 25 миң чарчы метрден ашкан жаңы заманбап аэробекет комплексинин курулушу уланууда. Жаңы терминал аэропорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кыйла жогорулатууга, жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле ички жана эл аралык авиаташууларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Инспекциянын жыйынтыгы боюнча “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушун 2026-жылдын аягына чейин бүтүрүү милдети коюлду. Жаңы “Жалал-Абад” эл аралык аэропортун куруу долбоорунун алкагында да кеңири масштабдагы иштер жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында заманбап аэропорттук инфратүзүм куруу каралган. Анын курамына аэробекет комплекси, учуп-конуу тилкеси жана аба кемелерин коопсуз жана натыйжалуу тейлөөнү камсыз кылуучу зарыл объекттер кирет. Жаңы “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу 2027-жылдын III кварталында бүткөрүлүшү керек.