🇰🇬🇹🇷 Түркия Республикасынын ИИМдин Жандармасынын делегациясы Ички аскерлерге иш сапары менен келди 2026-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерине Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жандармасынын башкы кол башчысынын орун басары, генерал-полковник Мурат Булут баштаган делегация иш сапары менен келди. Делегацияны Ички аскерлердин кол башчысы, полковник Дамир Алыбаев тосуп алды. Иш сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, анда кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана тиешелүү багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган маселелерге көңүл бурушту. Аталган иш сапар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери менен Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жандармасынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат.