KG_military

@kg_millitary · news · Kazakh · active

Subscribers 703 Subscribers, last 30 days: 705 → 703 −2 24h
Reach per post (ERR) 21.5%151 avg views
Posting 3.2/day last 1 day ago
Reactions per 1K views 8.3 👍 👏 ❤

Президент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барат Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжан Республикасына иш сапар менен барат. Мамлекет башчысы Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу боюнча Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат. Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыш, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.

Views over time

05010015014 Oct 04:5913 Nov 07:4214114 Oct 04:59: 0 views13 Nov 07:42: 141 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
14 Oct 2026, 04:590
13 Nov 2026, 07:42141

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.