🇰🇬🪖2026-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскерлеринде 2026-окуу жылынын жыйынтыктоочу текшерүүсү башталды. Текшерүү өлкөнүн түштүк жана түндүк аймактарында эки багыт боюнча жүргүзүлүүдө. 🪖Республиканын түштүк аймагында Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары полковник Алмазбек Кулмурзаев жетектеген комиссия Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгына караштуу аскер бөлүктөрүн жана мекемелерин текшерүүгө киришти. Текшерүү Баткен гарнизонунан башталды. 🪖 Өлкөнүн түндүк аймагында текшерүү Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары полковник Азизбек Байбалаев жетектеген комиссия тарабынан жүргүзүлүүдө. Комиссия өлкөнүн түндүк-чыгыш аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүн жана мекемелерин текшерет. ⚡️Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссиялар күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыктын абалын, өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгынын деңгээлин, аскердик тартиптин абалын, ошондой эле бөлүктөрдүн алдыга коюлган милдеттерди аткарууга даярдыгын баалашат.