KG_military

@kg_millitary · news · Kazakh · active

Subscribers 703 Subscribers, last 30 days: 705 → 703 +0 24h
Reach per post (ERR) 21.6%152 avg views
Posting 3.2/day last 1 day ago
Reactions per 1K views 8.3 👍 👏 ❤
repost from 🇰🇬КЫРГЫЗ МИЛИТАРИСТ⚔️

Президент Садыр Жапаров Нарын шаарындагы жаңы аскер шаарчасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бүгүн, 7-октябрда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын «Тайлак баатыр» атындагы Нарын облусу боюнча чек ара башкармалыгынын жаңы аскер шаарчасын куруу долбоору менен таанышты. Жаңы аскер шаарчасы Нарын шаарында аянты 13,4 га болгон жер тилкесине курулууда. Курулуш иштери 2026-жылдын I чейрегинде башталган, иштерди 2027-жылдын III чейрегинде аяктоо пландалууда. Бул аскер шаарчасында аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн, жашоосун жана турмуш-тиричилик шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон объектилердин кеңири комплекси каралган. Атап айтканда, штаб, казарма, кароол кызматтарынын объектилери, окуу классы жана башка имараттар курулат. Ошондой эле аскер шаарчасынын аймагында 60 орундуу бала бакча, балдар оюн аянтчасы, спорттук шаарча жана футбол талаасы, конок үйү каралган.

Views over time

0501007 Oct 12:5413 Nov 07:421117 Oct 12:54: 0 views13 Nov 07:42: 111 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
7 Oct 2026, 12:540
13 Nov 2026, 07:42111

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.