«Поиск-2026» машыгуусунун жүрүшүндө чалгындоо топтору практикалык аракеттерге киришти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары Россия Федерациясынын «Чебаркульский» полигонунда ЖККУнун чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен өткөрүлүп жаткан «Поиск-2026» атайын машыгуусунун алкагында белгиленген райондордо практикалык аракеттерди аткарууга киришти. Машыгуунун негизги максаты — чек арага жакын аймактагы куралдуу жаңжал учурунда чалгындоону уюштуруу жана жүргүзүү болуп саналат. Чалгындоо топтору шарттуу душманды аныктоо, объектилерге чалгын жүргүзүү жана алынган маалыматтарды чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү жетекчиликке берүү иштерин жүргүзүүдө. Практикалык аракеттердин жүрүшүндө чалгындоочу жана сокку уруучу FPV-дрондор колдонулуп, ошондой эле артиллериянын жана авиациянын огун тактоо боюнча тапшырмалар аткарылууда. Машыгууга ЖККУнун Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын Аскерлер