KG_military

@kg_millitary · news · Kazakh · active

Subscribers 703 Subscribers, last 30 days: 705 → 703 +0 24h
Reach per post (ERR) 21.6%152 avg views
Posting 3.2/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 8.1 👍 👏 ❤

🇰🇬🇺🇸 Кыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алат Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарында АКШ Президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли, АКШнын соода министринин орун басары Уильям Киммит, АКШнын Экспорттук-кредиттик банкынын төрагасы Джон Йованович жана локомотивдерди чыгарган америкалык “Вебтек” (Wabtec) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун башында Мамлекет башчысы маектештерин АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгы менен куттуктап, аларга жана Америка элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады. Мамлекет башчысы Кыргызстан АКШ менен өз ара пайдалуу экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи. Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны, атап айтканда, темир жол түйүндөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. Ушуга байланыштуу бул жолугушуунун жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында пайдалануу үчүн ТЭ33АС сериясындагы 10 заманбап магистралдык жүк ташуучу локомотивди сатып алуу боюнча келишимге кол коюунун маанилүүлүгү белгиленди. Бул локомотивдерди Кыргызстанга 2027-жылдын аягына чейин жеткирүү күтүлүүдө.

Views over time

010020022 Sep 11:1513 Nov 07:4220322 Sep 11:15: 0 views13 Nov 07:42: 203 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
22 Sep 2026, 11:150
13 Nov 2026, 07:42203

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.