KG_military

@kg_millitary · news · Kazakh · active

Subscribers 703 Subscribers, last 30 days: 705 → 703 +0 24h
Reach per post (ERR) 21.5%151 avg views
Posting 3.1/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 8.1 👍 👏 ❤

2026-жылдын 15-17-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында туруктуулукту бекемдөө, күч-аракеттерди бириктирүү жана коопсуздук чөйрөсүндө глобалдык башкарууга биргелешип көмөктөшүү темасында 13-Пекин Сяньшань форуму өтүүдө. Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов баштаган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин делегациясы катышууда. Иш-чаранын алкагында 2026-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов менен Кытай Эл Республикасынын Коргоо министри адмирал Дун Цзюньдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коргонуу жаатындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты, ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Views over time

010020017 Sep 11:4513 Nov 07:4218717 Sep 11:45: 0 views13 Nov 07:42: 187 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
17 Sep 2026, 11:450
13 Nov 2026, 07:42187

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.