🪖🇰🇬🇨🇳2026-жылдын 15-17-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында туруктуулукту бекемдөө, күч-аракеттерди бириктирүү жана коопсуздук чөйрөсүндө глобалдык башкарууга биргелешип көмөктөшүү темасында 13-Пекин Сяньшань форуму өтүүдө. Иш-чаранын алкагында 2026-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов менен Кытай Эл Республикасынын Коргоо министри адмирал Дун Цзюньдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коргонуу жаатындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты, ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.