🗳️ Кыргызстан заручился поддержкой Сирии на выборах в Совбез ООН Президент Сирии Ахмед Хусейн аш-Шаара выразил готовность поддержать кандидатуру Кыргызстана на выборах в непостоянные члены Совета Безопасности ООН. Как сообщили в администрации президента КР, это прозвучало на встрече Азамата Кадыралиева с сирийским лидером на полях Анталийского дипломатического форума. Кыргызская сторона попросила о поддержке на выборах, которые пройдут в начале июня, подчеркнув важность позиции арабских стран. Стороны также обсудили двустороннее сотрудничество, вопросы региональной и международной безопасности, а также гуманитарное взаимодействие. ➖➖➖ Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болду Сириянын президенти Ахмед Хусейн аш-Шаара Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Азамат Кадыралиев менен болгон жолугушууда, Анталия дипломатиялык форумунун алкагында айтылды. Кыргыз тарап июнь айынын башында өтө турган шайлоодо колдоо көрсөтүүнү өтүнүп, араб өлкөлөрүнүн добушу маанилүү экенин белгиледи. Жолугушууда ошондой эле эки тараптуу кызматташтык, аймактык жана эл аралык коопсуздук, гуманитардык байланыштар талкууланды. ⚡️Reporter.kg|🕊Telegram 📱Instagram|📱Facebook 🕊X (Twitter)|📺YouTube