♿️ В Казахстане у людей с инвалидностью будут забирать коляски и протезы Власти Казахстана планируют изменить порядок выдачи средств реабилитации людям с инвалидностью. Если сейчас коляски и протезы остаются у получателей насовсем, то новая система предполагает их возврат после использования. Министр труда Аскарбек Ертаев пояснил, что после возврата оборудование будут проверять, ремонтировать и передавать следующим нуждающимся. Если средство реабилитации окажется изношенным или непригодным, его спишут, а человеку выдадут новое. По замыслу властей, такая система должна ускорить выдачу и сократить ожидание, которое сейчас может длиться месяцами. ➖➖➖ Казакстанда майыптыгы бар адамдардын коляскалары жана протездери кайра алынат Казакстандын бийлиги майыптыгы бар адамдарга реабилитациялоо каражаттарын берүү тартибин өзгөртүүнү пландаштырууда. Азыр коляскалар жана протездер алуучуларда биротоло калса, жаңы система аларды колдонуп бүткөндөн кийин кайра кайтарууну карайт. Эмгек министри Аскарбек Ертаевдин айтымында, кайтарылган жабдуулар текшерилип, оңдолуп, кийинки муктаж адамдарга берилет. Эгер каражат эскирип же жараксыз болуп калса, ал эсептен чыгарылып, адамга жаңысы берилет. Бийлик мындай система реабилитациялоо каражаттарын берүү процессин тездетип, азыр бир нече айга созулган күтүү мөөнөтүн кыскартат деп эсептейт. ⚡️Reporter.kg |🕊Telegram 📱Instagram |📱Facebook 🕊X (Twitter) |📺YouTube